super.kg logo
  Спорт  

Машыктыруучу Татьяна Борисова: "Дарья Маслова чарчагандыктан 2-жарышта күмүш медалга ээ болуп калды"

 

Бүгүн, 31-августта Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында алтын жана күмүш медалдарды утуп алган Дарья Маслова жана анын жеке машыктыруучусу Татьяна Борисова мекенибизге кайтып келди.

Машыктыруучу Татьяна Борисова Дарья Маслованын мелдешке болгон даярдыгы тууралуу жана анын 2-медалы эмне үчүн алтын эмес, күмүш болуп калгандыгынын себебин SUPER.KG порталына айтып берди.

"Азия оюндарына көптөн бери даярданып жүргөнбүз, 2 жылга жакын убакыт болуп калды. Дарья эл аралык көп жарыштарга катышып, жакшы жыйынтыктарга жетишти. Азия оюндарынын алкагында өтүүчү аталган жарышка Дарья менен бирге Кения, Эфиопиядан келген легионерлер катыша турганы белгилүү болгон. Ага карабай биз Дарьянын Азия оюндарында алтын медалга ээ боло турганын сезгенбиз", - дейт ал.

Ошондой эле Борисова 5 миң метр аралыктагы жарышта Дарья Маслова чарчап калып, алтын медалга илинбей калганын айтты.

"5 миң метр аралыктагы жарышта Дарья күмүш медалды алып калды. Ал 10 миң метр аралыктагы жарыштан кийин чарчап, 2 күн эле эс алып калды. Бул абдан аз, анткени Индонезияда аба нымдуу. Биз Дарьянын кубатын калыбына келтиргенге аракет кылдык, бирок толук, мыкты калыбына келтире албай калдык", - деп айтты машыктыруучу.

Эске салсак, Дарья Маслова 10 чакырымдык жарышта алтын медаль тагынса, кийин 5 чакырым аралыктагы жарышта күмүш медалга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
31.08.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соонун эле чанда гана кездешет бир олимпиадада 2 медал алып келген адам. Биз чуйунуп болбой калдыкко. Бактылуу кыздардан болсун Дарья эжекебиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: