super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов: "Атамбаевдин эл чогулган жерге келүүгө моралдык укугу жок"

 

Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеге экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева чакырылган. Отунбаева иш-чарага катышты, ал эми Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катышпай турганын КСДПнын катчылыгы билдирген. SUPER.KG порталынын "Экс-президент Атамбаевдин майрамдык мааракеге катышпаганын кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов жооп берди.

Ал өлкөнүн эгемендүүлүгүнө арналган иш-чарага Атамбаев эмне себептен келбегендигин төмөндөгүчө түшүндүрдү.

"Алмазбек Атамбаевдин эгемендүүлүккө кошкон бир дагы салымы жок. Ал коңшу өлкөлөр менен мамилени бузуп отурса, кайсы бети менен келет? Анын айдоочусу жана жанында жүргөн адамдары мамлекетти бүт тоношту. Эгер ал өлкөнү 6 жыл туура башкарган болсо, анда мындай жерлерге келсе болмок. Азыр анын эл чогулган жерге келүүгө, элдин бетин кароого моралдык укугу жок. Жыл сайын белгиленүүчү Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараны өткөрүүнү мен 14 жыл бою уюштуруп келгем. Бирок Сооронбай Жээнбеков бул майрамга мени чакырып коюуга жараган жок. Кызматта отурган кезде саясатчылардын ортосунда ар кандай окуялар, пикир келишпестиктер болот. Ал эми мамлекеттик маанилүү салтанаттарга бардык саясатчылар, коомдук ишмерлер чакырылышы керек. Керек болсо качып жүргөн президенттер да чакырылуусу зарыл. Башка өлкөлөрдө саясий көз караштары бири-бирине каршы келген мурунку жана кийинки президенттер мындай чоң салтанаттарда чогуу отурушат", - деди Ибраимов.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов, саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, жарандык активист Алга Кылычовдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: