super.kg logo

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө арналган концерт фейерверк атуу менен жыйынтыкталды

 

Бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата кечки концерт башталды. Учурда аянтка шаар тургундары, коноктор келип майрамдык маанайда концерттик иш-чарага күбө болушууда.

Концерттик программага маданият өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары майрамдык салтанатка башка өлкөлөрдүн ырчылары да куттуктоо үчүн келишкен. Концерттин башталышында кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап Япониядан келген ырчы мырза ыр белек сунду. Ал кыргыз тилинде ырдады. Салтанаттын алып баруучулары - Нурел Султанов, Айдай Кадырова, Нияз Байзаков жана Назира Кадыева.

Ырчылардан Омар, Арсен, Ильяз Абдыразаков, Саламат Садыкова, Кубаныч Сатаев, Алина Жетигенова, Ишен Назаров кечеге келген тургундарды куттуктап, ыр белегин сунушту. Алар дуэт аткарышты.

Аянттагы майрамдык салтанаттын башталганына 20 мүнөт боло электе эки бала ата-энесинен адашып, алып баруучулар балдардын ата-энесин издеп сахнага көтөрүп чыгышты. Тартип сакчылары ата-энелерди балдарды кароодо кылдат болууга чакырууда.

Саат 19:00дө башталган майрамдык концерт саат 22:41де фейерверк атуу менен жыйынтыкталды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
31.08.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн жакшы. Майрам эле болуптурсун.
01.09.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашасын эркиндигибиз. Урааныбыз Манас, улутубыз кыргыз болуп кала берелик. Журогубуздо Манас Атабыз жашасын. Акылыбызга, ички дуйнобузго Манас Атабыз улгу болуп, дуйнодо эч бир жанга кул болбой, Ала Тообузда Манас Атабызды жоктотпой, Атабыздын руху, духу колдосун.
Ички дуйнобуздо улуу Манасты чогуу ойготуп, карангылыктан, ач көздүктөн, маңкурттуктан, чыккынчылыктан, жарат алган жерлерибизди дарылайлы. Ошондо гана кыргызды сактай алабыз.
i1urp түзөттү 2018-09-01 00:21:56
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: