super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дональд Трамп АКШнын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунан чыгуу ниети бар экенин билдирди

 

АКШ президенти Дональд Трамп аталган өлкөнүн Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунан чыгуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар америкалык Блумберг агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Трамп аталган агенттикке берген маегинде: "Эгер аталган уюм өзгөрбөсө, анда биз курамдан чыгабыз", - деп айткан. Ал аталган уюм АКШнын соода саясатына туура эмес мамиле кылып жатканын кошумчалаган.

Акыркы айларда АКШ бир топ мамлекеттер менен соода согушун башынан өткөрүүдө. Трамп бир катар өлкөлөргө, анын ичинде Кытайдан импорттолуучу товарларга соода салыгын көтөрүп салган. Буга байланыштуу Кытай АКШнын үстүнөн "эл аралык соода эрежелерин бузду" деп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна арыз берген.

АКШ лидери жакында эле эркин соода келишимин жакшыртуу боюнча Мексика менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Трамп Түндүк Америка континентиндеги өлкөлөрдүн аталган биримдиги Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна караганда адилеттүү мамиле жасайт деген пикирде.

Бүткүл дүйнөлүк соода уюму 1995-жылы түзүлгөн. Анын максаты - эл аралык соода алакасын жана аталган уюмга мүчө мамлекеттердин соода саясатын жакшыртуу болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
01.09.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
《АКШнын соода саясатына туура эмес мамиле кылып жатат》. Эмне баары тен эле Американын кызыкчылыгы учун эле жашаш керекби?
01.09.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ВТОдон чыкса Американын озуно эле бир аз соодада татаалырак болуп калат. Жакшы да кайра. Америка озу кыйналат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: