super.kg logo

"Билимдин башаты балдар бакчасынан башталып, пайдубалы мектепте курулат". Президент Билим күнү менен куттуктады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №96 мектептин имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы мектептин жамаатын жана окуучуларды Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

Президент белгилегендей, Билим күнүндө республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип жатат. Жылдын аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат.

"Мына ошол жаңы билимканалардын арасында бүгүн салтанаттуу түрдө ачылып жаткан силердин мектебиңер да бар. Билимдин башаты балдар бакчасынан башталып, пайдубалы мектепте курулат. Ар бир жаңы мектеп — бул илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол. Биздин негизги милдетибиз — сапаттуу билим, келечектүү жаштар жана бийик адамдык касиетке ээ болгон, эркин жана өз оюн так жана ачык айта алган жаңы муунду даярдоо.

Ар бир баланын таланты, шыгы жана өнөрү жакшы тарбия жана мыкты билим бергенде гана ачылат. Ошондуктан педагог-тарбиячылар, ата-энелер биргелешип, жаңы муунду тарбиялоо жоопкерчилигин татыктуу жүзөгө ашырууга тийиш. Силер өлкөбүздүн келечегисиңер. Канчалык билимдүү, маданияттуу, акылдуу, адептүү жана мекенчил болсоңор коомубуз да ошончолук тазарып, өлкөбүз өнүгө баштайт", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн республиканын бардык мектептеринде Билим күнү белгиленүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.09.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдардын эртенки келечеги, бугунку алган билиминен коз каранды. Бирок быйыл 800 ашык бала диний тушунуктон улам мектептен баш тартыптыр. Мечиттерден окушат экен. Кайран элим, Кайда бара жатабыз. Мечиттен тарбия коргон бала созсуз арабтардын таасири астында калышат. Ушул балдар мечиттен чын эле Кудайды корушобу же арабтардын салты менен арабташып кетишеби. Ушуну ойлонбогон бийликтегилер акмак экенсинер. Минтип отурса жакында мектептер, мечиттерге айланып манкурт болуп калабыз.
zhaku2017 түзөттү 2018-09-01 11:05:12
01.09.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектеп ачылды акчалар чачылат жый жый башталды ,класска шыпыргы алыш керек жб...
01.09.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кучтуу билимдуу, кучтуу онорлуу, кучтуу эмгекчил жаштарды тарбиялайбыз десек, бийликтин кучтуу идеялогиясы болуш керек. Кыргыздын чыгаан билимдуу, онорлуу, эмгекчил адамдарын жаштарга улгу караты коргозуш керек. Арабтардан улгу алып кереги жок.
Mirlan27011987 түзөттү 2018-09-01 13:48:38
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: