super.kg logo

Бишкекте милиция кызматынын унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

 

Кечээ, 31-августта Бишкектин Юнусалиев жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын унаасы Toyota Camry унаасы менен сүзүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Кырсыкка кабылган кызматтык унаа Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине таандык. Азыркы тапта жол кырсыгы эмнеден улам келип чыккандыгы такталууда. 2 унаа тең айып жайына токтотулду. Кырсык болгон учурда кызматтык унаа атайын белги (мигалка) менен кетип бара жатканы белгилүү болду", - деп билдирди маалымат кызматы.

Айрым басылмалардын жазып чыкканына таянсак, Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны "Азия ханышасы-2016" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Айжамал Осмонова башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Осмонованын баш мээси чайкалып, Республикалык ооруканага жаткырылган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: