"Өз көзөмөлүмө алам". Жээнбеков Түркияда экстремисттик деп табылган "Кызмат" уюму боюнча пикирин билдирди



“Мен да "Фето" ("Кызмат") маселесине токтолуп кетейин" деп айтты Сооронбай Жээнбеков Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын билдирүүсүнөн кийин. Жээнбековго чейин Эрдоган Кыргыз мамлекетинде иштеп жаткан "Кызмат" уюмунан баш тартууга чакырган болчу.
"Анкарадагы жолугушуубузда да бул маселе боюнча сүйлөштүк. Биз бул багытта бир топ иш алып бардык. Аталган уюмга тиешелүү делген "Себат" билим берүү мекемелерин “Сапат” деп өзгөрттүк. Анын окутуу процесстери мамлекеттин көзөмөлүнө алынган. Эгер Кыргыз-Түрк мамилесине доо кетирчү адамдар болсо, алар чоң жоопкерчиликке тартылат. Бул маселени мен өз көзөмөлүмө алам”, - деди Жээнбеков.
Эрдоган "Кызматтын" "Сапаттарынан" баш тартып, Түркиянын "Маариф" фонду менен иштешүүгө чакырган. Бул боюнча бүгүн эки тараптуу меморандумга кол коюлду.








1 |