"Арзу" кафесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында жайгашкан "Арзу" кафесинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Арзу" кафесинен чыккан өрт таңкы саат 04:30да толугу менен өчүрүлдү. Болжол менен 2 миң чарчы метр аянты күйүп кеткен. Азыркы тапта өрттүн себептери такталууда. Жабыркагандар жок", - деп билдирди маалымат катчы.
Айта кетсек, өрт кечээ, 1-сентябрда саат 21:00дөр чамасында чыгып, өрт өчүрүүчүлөр саат 22:47де тилсиз жоону чектөөгө алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Эки жагын карап электр тогун мамыга чыгып очуруп(кыркып) антип минткенче эле орт бир топ жерди куйгузуп бутот экен.