super.kg logo

Көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын транспорт менен камсыздоо үчүн Бишкек мэриясы 20 автобус жиберди

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын транспорт менен камсыздоо үчүн Бишкек мэриясы 20 автобус жиберди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, шаардын вице-мэри Геннадий Милицкийдин жетекчилиги астында автобустар 1-сентябрда Ысык-Көлгө жөнөп кетишкен. 20 автобус тең оюндар аягына чыкканга чейин катышуучулардын кызматында болот.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы бүгүн, 2-сентябрь күнү саат 20:00дө Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ат майданында орун алат.

Мелдештерде 82 өлкөдөн келген спортчулар арасында 549 медалдар топтому ойнотулат. Алардын ичинен 174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло медаль.

Азыркы тапта оюндардын алгачкы жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Анда тажик күрөшү боюнча балбандар Артур Зулкарнаев жана Аннамурад Мурадов оюндардын чемпиону аталышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: