super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндарына 2 миңден ашык чет элдик спортчу катышат

 

Бүгүн, 2-сентябрда башталчу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 82 мамлекеттен 2 миң 500гө жакын спортчу катталган. Бул тууралуу оюндардын алдындагы алгачкы маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

Директордун айтымында, бул оюндарда спорттун жаңы түрлөрү кирип, иш-чарага кызыккандардын саны көбөйгөн.

"Бул оюндарга жалпы 82 өлкөдөн 2 миң 500гө жакын спортчу катталган. Азыркы күнгө жалпы 1 миң 500дөн ашуун спортчу Кыргыз өлкөсүнө келди. Ошондой эле спортчулар менен бирге 66 өлкөдөн 200гө жакын калыстар мүчөсү келип отурат. Жалпы оюндарда 549 медалдар топтому ойнотулат. Алардын ичинен 174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло медаль", - деп билдирди Аманкулов.

Оюндар Чолпон-Ата шаарында жайгашкан дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда, ат майданында, Кырчын жайлоосунда жана "Евразия" борборунда өтө турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: