super.kg logo

Кубатбек Боронов: "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык чаралар көрүлдү"

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык чаралар көрүлдү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов бүгүн, 2-сентябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында ыкчам штаб түзүлүп, ага укук коргоо органдарынын жетекчилери, Ысык-Көл жана Чүй облусунун жетекчилери кирди.

"Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын план иштелип чыкты. Иш-чаралар өтчү ар бир аймакта жумушчу топтор иштеп жатат. Өзгөчө көңүлдү жол коопсуздугуна бөлүп жатабыз. Ошондой эле көл жээгинде өтө турчу ар кандай иш-чараларда суучулдардын атайын тобу нөөмөт кылышат", - деп билдирди Боронов.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатын 2-сентябрдан тартып 8-сентябрга чейин Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда 9 блок-пост өз ишин баштайт. Аталган посттордо Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору айдоочуларга белгиленген маршрут боюнча багыт берип турушат.

Ошондой эле жергиликтүү жана чет элдик жарандар жол коопсуздугу, унаа жолдору жана унаа токтотуучу жайлар тууралуу 1262 номерине чалып биле алышат. Аталган номер күнү-түнү кызматта болот.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
02.09.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вице-премьер эле коп бизде соке ушуларды да таркатып салса кыргыз эли суйунот болчубуз
02.09.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Jango,Ар биринин оз функциясы барда. Кыскартуу эмес бизге иштин натыйжасы керек. Боронов эң мыкты жетекчи.
02.09.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачылышы саат канчада ачылат түз эфир барбы ошолорду да жпзбпйсынарбы кал эле үстүртөдөн эле жаза бербей элге толук малымат бергенди деги билесинерби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: