"Манас" аэропортуна жакын жерде триатлон боюнча мелдеш өтөт
"Манас" аэропортуна жакын жерде триатлон боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Триатлон федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеште спортчулар 750 метр аралыкка сууда сүзүп, 20 чакырымды велосипед менен жүрүп, 5 чакырымга жөө чуркашат. Иш-чара 16-сентябрда өтөт. Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.
Катышууну каалагандар бардык суроолор боюнча федерацияга кайрылса болот.
Триатлон - спорттун велосипед менен жүрүү, сууда сүзүү, жеңил атлетиканы бирдей айкалыштырган түрү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.