Базар-Коргон районунда селден улам тосулган жол каттамды тазалоо иштери жүрүүдө
27-июнь күнү саат 16:00дө Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында Кең-Кол жайлоосуна баруучу ички чарбалык жолдун 5-чакырымында сел жүрүп, жолдун эки жээгиндеги шагылдарын жууп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, селден улам жолдун 5,5-6-чакырымында шагыл таштар агып түшүп, жол каттамын тосуп калган. Ошондой эле 6-5-чакырымында 80 метр аралыгын сел суулары жеп, каттам токтоп калган. Учурда ӨКМнын куткаруучулары тарабынан жолдорду тазалоо иштери жүрүп, бүгүн, саат 12:00дө убактылуу бир багытка каттам ачылды. Кең-Кол жайлоосунда калып калган 45 унаа өз багыттары менен кетишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.