super.kg logo

Голливуддун атактуу ырчысы Мадонна тууралуу даректүү тасма тартылат

 

Ушул жылдын 16-августунда 60 жашка чыккан Голливуддун атактуу ырчысы Мадонна тууралуу даректүү тасма тартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, фильмде ырчынын жаңыдан сахна босогосун аттап, популярдуулукту багынтканга чейинки убагы чагылдырылат. "Мадонна: Легенданын төрөлүшү" деп аталган тасманын режиссёру, продюсери жана сценарийин жазган - Гай Гуидо. Ал эми Мадоннанын образына анчейин таанымал эмес Жейми Олд аттуу актриса тандап алынган.

Режиссёрдун айтымында, даректүү тасмага керектүү материалдар Мадоннанын интервью, аудио жана видео архивдеринин жардамы менен чогултулган. Ошондой эле анын образын ачып берүүгө ырчынын мурунку сүйүктүүсү, режиссёр Дэн Гилрой жардамдашкан.

Учурда тасманын трейлери интернет айдыңына тараганы менен, тасма качан эл сынына коюла турганы белгисиз. Ал эми бул тууралуу Мадонна өзү эч кандай билдирүү тараткан эмес.






"Мадонна: Легенданын төрөлүшү"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: