super.kg logo

Милиция бөлүмүндө Бурулай Турдали кызын бычактап өлтүрдү деген шектүүнүн атасы оорудан улам каза болду

 

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын өлүмүнө шектүү Марс.Б.нын атасы каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 3-сентябрда шектүүнүн агасы билдирди.

"Атам кечээ, 2-сентябрда каза болду. Ал уулунун окуясынан кийин онкологиялык борбордо дарыланып жүргөн. Оорусу күчөп акыры көз жумду. Ал эми Марс бул кабарды уктубу же уга элекпи кабарым жок. Себеби биз ал менен байланыша албай жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле 5-сентябрь күнү Жайыл райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын иши боюнча биринчи соттук отурум болот.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, жигит 29 жаштагы Марс.Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марска эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы "кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгисин бычак менен жазылганын көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?" деп билдирген.

Бул маалыматты Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. "Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон", - деген Сарчаев. 4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерлерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
03.09.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Арты кайрылуу болсун баласына кайгырып журуп каза Болдуда куноолуулор жазаланат созсуз
03.09.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баланын күйүтүнө чыдай албай калды го... Аллахым сурагын жеңил кылсын...
Марстан интервью алдырбай жүрүшөт окшойт. Эптеп артын бир нерсе кылып жатышат эми немелер.
03.09.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Турмушта мындай кайгылуу убакытта Эне коз жашын тогуп буусун чыгарат, Ата ичине алып журуп куурап жок болот. Эми калганына сабыр берсин!
03.09.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баланыда озуно озу кол салды деп олтуруп коюшпаса болду
03.09.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кызына журогу ооруп каза болду.
pat12 түзөттү 2018-09-03 14:10:10
03.09.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бала олтуруп салышат же салышкан эки эле варянт бар супер.кг нин журналисткрине кайрылат элем баладан интервю алгыла эмнеге албайсынар?
03.09.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Djumahmatov,
мумкунчулук болсо журналисттер кантип чыгарбасын, турмого киргизмек беле, кызыксын, ал тургай апасы кире алган эмес баласына(((( атасынын каза болгонун туугандары жеткирди бекен десенер(
03.09.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бала да олду болот ошо менен ишти жабышат.кылмышкер олду деп туруп качан акыйкатка жетебиз.
04.09.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге Марстан ачык сурак ала алышбай жатат, мойнуна алса бир жолу соттоп ишти жапкыла да... Же актап чыныгы куноокорду камагыла жондон жон бироону сыздатбай.Менин оюмча бул балада куноо жок болбосо эмдигиче иш жабылмак
04.09.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш баланы мойнуна алдыра албай жатышатко дейм бала коп нерсени билет болуш керек ошон учун суйлотпой жатышатко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: