Эрдоган: "Доллардан экономикабыз көз каранды болбошу үчүн улуттук валютада соода жүргүзүүнү сунуштайм"
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерди улуттук валюта менен кызматташууга чакырды. Ал мындай сунушун Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинде айтты.
Ошондой эле Эрдоган ФЕТӨ уюму боюнча да кайрылуу жасап өттү. "Мен түрк тилдүү мамлекеттерге соода алакаларын улуттук валютада жүргүзүүсүн сунуштайм. Себеби доллардан экономикабыз көз каранды болбошу керек. Биз силер менен кызматташууну күчөтөбүз. Ошондой эле 2020-жылы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярбыз. Бул демилгени ишке ашырып келгендиги үчүн Кыргыз өлкөсүнө ыраазычылык билдиребиз.
Биздин мамлекет экстремисттик ФЕТӨ уюму боюнча күрөштү улантат. ФЕТӨнү жок кылууга аракет кылат. Бул күрөштө колдоо көрсөткөнүңөр үчүн бардык түрк лидерлерине ыраазычылык билдирем", - деди
Эрдоган.
Учурда саммит Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.



Турк тилдуу мамлекеттер оз ара ынтымактуу бол алышабы? Мисалы казак кыргыз чек арасы, озбек кыргыз чек арасы. Эртен бизде дагы экинчи Тоолу Карабах болуп кетпейби?