Башкы катчы: "Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине Өзбекстан мүчө эмес"
"Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө боло элек". Мындай маалыматты аталган кеңештин башкы катчысы Багдат Амреев журналисттерге билдирди.
"Өзбекстан кеңешке мүчө эмес. Бирок көптөн бери алардын президенти жыйындарга катышып жүрөт. Алдыңкы убактарда Өзбекстан расмий мүчө болот деп ниеттенем", - деди Амреев.
Бүгүн, 3-сентябрда аталган кеңешке мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев да катышты. Ал аталган кеңеш боюнча бир топ сунуштарды да берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.