Ысык-Көл. Улан Турсунбаев Каракол шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин көпчүлүк депутаттарынын добушу менен 28-июнь күнү шаардык кеңештин төрайымы Акылсайра Жумабекова кызматынан бошотулган. Сессияга 31 депутаттын 28и катышып, алардын 21 депутаты А.Жумабекованын кызматтан кетишине өз добуштарын беришкен. Ошол эле күнү 28 депутаттын 20сынын добушу менен Улан Турсунбаев шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланган. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Эрмек Майрыков кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

