super.kg logo

Майлуу-Сууда токко урунуп, эки колун чыканагына чейин кестирген жоокерге кайрадан операция жасалат

 

Майлуу-Сууда токко урунуп, эки колун чыканагына чейин кестирген жоокер Руслан Сапарбаевге кайрадан операция жасалат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 3-сентябрда жеңеси Венера Өмүралиева кабарлады. Анын айтымында, баланы сол колунун жарааты кыйнап жатат.

"Биринчи операцияда оң колунун чыканагынан 4-5 сантиметр ылдый жагы кесилген. Экинчи операция сол колуна жасалып, чыканагынан 7-8 сантиметр ылдый жагы кесилген болчу. 31-августта баланын жанында болуп келдим. Бала мага "жеңе, сол чыканагымдагы эт сөөктөн ажырап жаткандай туюлуп жатат" деп айткан. Дарыгерлер карап чыгып дагы операция жасала турганын айтышты. Дарыгерлер эми сол колун кайсы жерине чейин кесет, белгисиз", - деди Өмүралиева.

22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган.

Алган жаракатынан улам Бишкектеги 4-ооруканага алынып келип, алгач оң колунун, андан кийин сол колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген.

Анын жеңеси Венера Өмүралиеванын айтымында, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган. Ал эми Башкы штаб жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип барып, токко урунганын айтууда. Буга байланыштуу аталган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынган.

Руслан Сапарбаевге жардам берүүнү каалагандар апасы Венера Сейталиеванын 0707 75 00 80 Элсом номерине же 1030121100001856 эсебине акча которуп койсоңуздар болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
03.09.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Карап туруп анан кесишпейби бул деген кыйын нерседа кечке кескилейбербей.
03.09.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Форумчулар,чогуу коргону барып келбейлиби?
03.09.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
monster_high_98,я за!!!
03.09.2018. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
umar.kgz, Убакыты барлар жазгыла купуядан,бир кунду белгилеп барып келебиз,мага шерик эле кк болуп жатат,озум барсам кызыктай эле болот го
04.09.2018. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп көргөн сайын жүрөк ооруп кетет,байкуш баланы аяйым.Эми Аллахым шыпаасын берсин,батыраак сакайып кетсе экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: