Жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында Данияр Кашкараев тай бокс боюнча күмүш медалга ээ болду
Уруш искусстволору боюнча Жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында кыргызстандык Данияр Кашкараев тай бокс боюнча күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Түштүк Кореянын Инчхоне шаарында өтүп жаткан мелдеште 57 килограммдагылар арасында финалдык кармашууда Данияр Кашкараев Вьетнамдан келген спортчу менен ат салышып, 0:5 эсебинде жеңилип калган. Белгилей кетсек, бул жеңиш Азия оюндарында улуттук курама команданын алгачкы медалы болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.