super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Адил Турдукулов: "Атамбаев Түркиянын талаптарына жарым-жартылай ынанып, "Себаттын" аталышын өзгөрткөн"

 

Атамбаевдин тушунда Түркиянын Кыргыз өлкөсүнө айрым талаптарды коюусу мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү деп кабыл алынган. SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Эрдогандын талаптарына макул болуусун туура деп эсептейсизби?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.

Ал аталган окуу жайдын жоюлушуна каршы экенин айтып буларга токтолду.

"Атамбаев Түркиянын Кыргыз өлкөсүнө айткан талаптарына жарым-жартылай ынанып, "Себаттын" аталышын өзгөртүп, башкаруу формасын дагы өзгөртүүгө кадам таштаган. Бул жерде Атамбаев Түркия бийлигинин талаптарынан баш тартты деген ой туура эмес. "Себат" кечээ эле пайда болуп калган мекеме эмес. Алар Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан баштап эң сапаттуу, алгылыктуу билим берип келген. Эл аралык олимпиадаларда ийгиликке жеткирген. Ошондуктан менин оюмча, "Себатты" жабуу туура эмес. Мен "Себатты" террорчу, экстремисттик уюм катары тааныбайм. Анткени ошол билим тармакта окуган биздин тааныштарыбыз дагы бар, алар эч кандай террорист эмес. Окуу жай көзөмөлдөнүшү керек, бирок жоюу туура эмес. Анкара тарабынан "Себат" менен бирге башка да мекеме иш жүргүзсүн десе, буга жол ачылышы шарт. Аталган окуу жай жоюлса каршы чыгабыз. Түркия бийлиги ички саясатын биздин мамлекетке таңуулабашы керек. Бул басымга биздин бийлик туруштук бериши зарыл", - деди Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, эксперт Руслан Акматбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: