super.kg logo
  Спорт  

Казакстандын көк бөрүчүлөрү оюнга келбей койду. Көк бөрү федерациясынын президенти жооп берди

 

Бүгүн, 3-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Казакстан менен Красноярск курамалары көк бөрү боюнча беттеш өткөрмөк. Бирок белгиленген убакытка Казакстан командасы оюнга келбей калган.

Учурда бул маселени комиссия карап жатканын Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов SUPER.KG'ге айтып берди.

"Азыр мандаттык комиссия маселени карап жатат. Маселе толук чечиле электе бир нерсе деп айтуу кыйын. Комиссия акыркы чечимди чыгарганда толук маалымат беребиз", - деп түшүндүрдү Саматов.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги мындай учурда келбей калган команда жеңилди деп санала турганын билдирген.

2-сентябрь күнү чүчү кулак тартышууда 12 команда 4 тайпага бөлүнүп ойномокчу болушкан. Чүчү кулактын жыйынтыгында "А" тайпасына Кыргыз, Алтай жана Монголия курамалары, "Б" тайпасына Москва, Кытай жана Ооганстан, "С" тайпасына АКШ, Казакстан, Красноярск, "Д" тайпасына Башкортостан, Франция жана Өзбекстан курамасы кирген.

Бүгүн кытайлык команда мандаттык комиссиядан өтпөй калып, жыйынтыгында мелдеште жалпы 11 команда калган. Ал эми Кыргыз курама командасы өзүнүн алгачкы беттешинде Монголиядан келген команданы 29:5 эсебинде утуп алган. Орусиянын Москва облусунан келген көк бөрүчүлөрү Ооганстандын курамасын жеңип, жарым финалга чыкса, Өзбекстандын командасы Башкортостан курамасын 20:1 эсебинде утуп алган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
03.09.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Корктуда кыргыздардан,кыргызстан утмак 25:0гө,,уят казак туугандар!!! Манастан корктуңарго.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-04 11:37:15
03.09.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Коркушту Казакстандын улакчылары Манастан,себеби өздөрүнүн терс кылыктарын били сезишти. Алга Манас!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-04 11:33:31
03.09.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Баары бир Кыргыздардан жеңилебиз дешкен окшойт менимче, болбосо ушундай кыйын улакчыларбыз дешсе келишпейби,
Былтыры Астанада өткөн оюнда таза оюн болгон эмес аны баарыбыз билебиз.
03.09.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Турк тилдуу элбиз деп бугун эле кыйкырып жатышпадыбы эле. Кана!!! Буларын бир коркутат, туркторун бир коркутат мектепти жапкыла деп.
pat12 түзөттү 2018-09-03 21:29:13
03.09.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Манас жарат элего казактарды финалды кутуп жатым эле
03.09.2018. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эх ушул кок боруну кутуп аттым эле. Кызыксыз эле болот экенда быйыл кок бору
03.09.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХХХХХХ Эми кок боруну коргондун да кызыгы жок болуп калды
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-04 10:46:34
03.09.2018. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызым алга Манас алга,Кыргызстаным аалам дүйнө чемпиону,мен Кыргыз болуп төрөлүп калганым үчүн миң мертебе сыймыктанам.Алга Кыргызстаным менин!!!!
04.09.2018. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ех бир боорлор ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-04 12:46:09
04.09.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Порталдын эрежелерин сактагыла! Билдирүүлөр түзөтүлдү.
04.09.2018. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман бийчиге дамбалы жолтоо болот имиш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: