super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков: "Кожобек Рыспаевдин мындан кийинки тагдыры КСДП менен бирге болбойт"

 

Кожобек Рыспаевдин мындан кийинки тагдыры КСДП менен бирге болбойт” деп бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков SUPER.KGʹге билдирди.

Эл өкүлү өз сөзүндө, Кожобек Рыспаевге тиешелүү маселе фракциянын күн тартибинде караларын айтты.

“Партиянын катарынан чыгарылган депутаттын фракциядагы ишмердүүлүгү да токтотулат. Ал эми депутаттын комитет жетекчилигине тиешелүү маселеси эми каралат. Жогорку Кеңештеги фракциялар өздөрүнүн комитеттердин жетекчилигин бөлүштүрүшөт, жетекчилигин шайлашат. Ар кандай достук топторун түзүшөт. Түзүлгөн келишимге ылайык, ар бир фракциянын өзүнө тийген орундар бар. Буга байланыштуу маселе фракциянын күн тартибинде турат, жакын арада каралат”, - деди Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев ушул жылдын 29-августунда КСДПнын саясий кеңешинин жыйынтыгында аталган партиянын катарынан чыгарылган. Эл өкүлү өзү партиянын катарынан чыгып калганын КСДПны колдобой койгондугу менен байланыштырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: