Өзбекстандан Кыргыз өлкөсүнө 5,3 миллион долларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды
Өзбекстандын коопсуздук кызматы Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз 5,3 миллион долларды алып өтүүгө аракет кылган 3 жаранды кармады. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган жарандар Жаңы-Коргон (Янгикурган) районунун Гязнун конушундагы Кыргыз-Өзбек чек арасынан кармалышкан.
"Алар эки жеңил унаа менен акчаны алып, жолдо бара жаткан жеринен кармалышкан. Шектүүлөрдүн бири мындай иш менен көптөн бери алектенип жүргөнүн, ал үчүн жакшы суммадагы акчаны аларын айтып, күнөөнү моюнга алган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
-1

Биздикилер азырак алып кой берип жибермек