Орусиялык ырчы Диана Гурцкаяга ардактуу профессор наамы ыйгарылды
Орусиялык ырчы Диана Гурцкаяга ардактуу профессор наамы ыйгарылды. Бул тууралуу ырчынын жолдошу Пётр Кучаренко орус басылмаларына билдирген.
"Жубайым Дианага Москва мамлекеттик гуманитардык жана экономикалык университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Аталган университет мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жогорку билимдүү кылууга болгон аракетин жумшайт", - деген ал.
Диана Гурцкая учурда мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга сабак берет.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай билим алууга умтулуп, көптөгөн кыялдарын орундатууга аракет жасаган балдарга аз да болсо пайдам тийсе, ушул мен үчүн чоң жетишкендик", - дейт ырчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.