super.kg logo
  Спорт  

Башкортостандын көк бөрү боюнча курама командасынын улакчысы: "Көчмөндөр оюндарын Кыргыз жергесинде эле өткөрүш керек деп эсептейм"

 

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргыз өлкөсүндө гана өткөрүш керек". Мындай пикирин SUPER.KG порталына Башкортостандын көк бөрү боюнча курама командасынын улакчысы Фатхун Назмат билдирди.

Улакчы Көчмөндөр оюндары тууралуу жана өз командасынын даярдыгы тууралуу айтып берди.

"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мыкты деңгээлде өтүп жатат, бизге бардыгы жагууда. Улак тартып, жеңишке жеткенге аракет кылып жатабыз. Көк бөрү оюнун 2 жылдан бери ойноп келе жатабыз. Бул биз үчүн спорттун жаңы түрү, андыктан бул оюнду эми гана өздөштүрүп баштадык. Биз атайын Көчмөндөр оюндарына даярданганбыз. Башкортостанда көк бөрүнү кээде гана ойнойбуз, жылына 2-3 жолу болуп калат. Бизде азырынча көп команда топтоло элек, райондо 12-14 киши 2 командага бөлүнүп өз ара ойнойбуз", - дейт ал.

Ошондой эле Фатхун Назмат кыргыздардын меймандостугу тууралуу айтып, Көчмөндөр оюндары Кыргыз өлкөсүндө эле өткөнү жакшы экенин баса белгиледи.

"Кыргыз өлкөсү бизге аябай жакты. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргыз жергесинде эле өткөрүш керек деп эсептейм. Кыргыздар түрк тилдүү мамалекеттердин арасындагы эң меймандос калк экен. Мен мындай кичипейилдикти башка өлкөлөрдөн көргөн эмесмин", - дейт ал.

Бүгүн, 4-сентябрда көк бөрү боюнча Башкортостан менен Франциянын курама командалары кез келип, Башкортостан атаандашын 2:0 эсебинде утуп алды.

Айта кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда старт алган. Азыркы тапта спорттун 3 түрү боюнча мелдештер жыйынтыкталып, кыргыз спортчулары жалпы 18 медаль утуп алышты. Медалдык эсепте Кыргыз курама командасы 2-орунда жайгашып келе жатса, 1-орунда Казакстан жана 3-орунда Түркмөнстан курама командалары жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(12)
04.09.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура турик муриктер куу болушат чет элдиктерди анча жактыра беришпейт биздин эл меймандос эл да .
04.09.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аа кой айланайын ансыз деле карызыбыз чачтан коп. Бир эмес эки жолу откордук айылдарда мектептер бутпой жатат...
04.09.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aiba.8327,уч жолу десен
04.09.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aiba.8327,Инвесторлор, демөөрчүлөр өткөрө берсин. Карызды АША ала берип Кыргызстанда сазга батырып кетти.
04.09.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiba.8327,бизди итке мингизип койгусу бар го
04.09.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мактаса кулагыбызга майдай жагат экен, иши кылып тынч отуп, ыраазы болуп эле кетишсин меймандарыбыз
04.09.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ее койчу озунор жакта откоро бер сага не обший дом бу булжер
04.09.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айлыктар пособиелер берилбей жатат ушул оюндар учун, не надо жыл сайын
04.09.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар баштап 3 жолу жогорку денгелде өткөзүп берди.Эми биягы кандай болот экен...
04.09.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче өзбек туугандар да аябай кичипейил меймандос келет буюрса четинен түрк туугандардан баштап көрө жатаарбыз ким меймандос экенин
05.09.2018. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
dymak,озбек туугандарын поворотко чейин жакшы отуп кеткенден кийин сени карап да койбойт
08.09.2018. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muratmipa, негизи жакшы откоруп берсе болду озбектер деле... Повороттон кийин эмне уйуно жатып алмак белек...тойдон кийин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: