super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кенжебек Бокоев: "Жогорку Кеңеш айыл чарба маселелерине өзгөчө көңүл бурушу керек"

 

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады. Депутаттар парламентте алгачкылардан болуп көтөрчү бир топ маселелер турганы бышык. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңеш көңүл бурушу керек болгон эң орчундуу маселелер кайсылар?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жооп берди.

Ал жайкы каникулда Талас облусун, Чаткал, Тогуз-Торо райондорун жана башка айылдарды кыдырып келгенин айтты.

"Парламент көңүл бура турган орчундуу көйгөйлөр көп. Ошонун эң негизгилеринин бири - айыл чарба маселеси. Айыл чарбага болгон мамилени кескин түрдө өзгөртпөсө болбойт. Сугат сууларынын тартыштыгы боюнча, дыйкандар өстүрүп жаткан айыл чарба продукцияларын сатууда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин чоң жардамы керек. Ошону менен катар эле облустук деңгээлдеги башкарууну жоюу тууралуу маселе каралышы шарт. Облустук УКМКны, облустук прокуратураны, облустук ички иштер башкармалыгын, облустук статистикалык комитетин жоюу зарыл. Акимдер түз премьер-министр менен иштеши абзел. Эффективдүү башкарууга өтүшүбүз керек.

Биз мектептерди куруу менен эле алек болуп жатабыз. Билим берүүнүн сапатына көңүл бурулбай калды. Бул маселени дагы карап чыгуу зарыл", - дейт Бокоев.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев, экс-депутат Курманбек Осмонов, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, юрист Канатбек Азиздин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: