super.kg logo
  Саясат  

"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов: "Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын карап чыгышы керек"

 

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады. Депутаттар парламентте алгачкылардан болуп көтөрчү бир топ маселелер турганы бышык. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңеш көңүл бурушу керек болгон эң орчундуу маселелер кайсылар?" деген соболуна "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жооп берди.

Ал парламент былтыркы Бишкек ЖЭБинде болгон көйгөй кайталанбашы үчүн жылуулук берүү маселесин жакшылап карап чыгышы керек экенин билдирди.

"Экономикалык жагдай боюнча өкмөттөн отчёт алуу зарыл. Анткени салыктарды көтөрүү, тарифтерди жогорулатуу боюнча маселелер көтөрүлүп жатат. Бул маселе Жогорку Кеңеште карала элек. Ал үчүн Өкмөттүн курамын карап чыгыш керек. Иштей албагандардын ордуна иштей турган жооптуу адамдарды алып келүү зарыл. Мисалы, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тууралуу айтса болот. Аталган министрлик статистикалык комитетке айланып калды. Дыйкандардын өндүргөн продукциясы ЕАЭБдин алкагында канчалык деңгээлде экспорттолуп жатканы тууралуу маалымат угулушу зарыл. Мындан тышкары бардык министрликтерди текшерип чыгуу шарт. Президент жарыялаган "Аймактарды өнүктүрүү жылы" боюнча жарлыкты кайсы министрлик, мекеме канчалык деңгээлде аткарып жатканын карап чыгуу керек. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү дагы каралышы абзел. Кандайдыр бир маселе, мыйзамдар кворум жок эле кабыл алынып калат", - деди Молдокматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев, экс-депутат Курманбек Осмонов, юрист Канатбек Азиздин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: