super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Курманбек Осмонов: "Бишкек ЖЭБин аварияга алып келген жагдай кайталанбашы үчүн тиешелүү чараларды көрүү керек"

 

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады. Депутаттар парламентте алгачкылардан болуп көтөрчү бир топ маселелер турганы бышык. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңеш көңүл бурушу керек болгон эң орчундуу маселелер кайсылар?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Осмонов жооп берди.

Экс-депутат өкмөттүн кышка даярдыгы Жогорку Кеңеш тарабынан карала турган негизги маселе экенине токтолду.

"Депутаттар Жогорку Кеңештин күн тартибинде чечим кабыл алына элек маселелерди биринчи кезекте карашы керек. Мындан сырткары жакында өкмөттүн 9 айлык отчёту угузулат. Мурда жарыяланган программалардын кайсынысы кандай деңгээлде аткарылды? Кайсы бөлүгү аткарыла элек? Жогорку Кеңеш көзөмөлдөөчү функциясына таянып, ушул маселелерди карашы зарыл. Мындан сырткары кыш келе жатат. Өкмөттүн кышка даярдыгы кандай? Буга чейинки Бишкек ЖЭБин аварияга алып келген жагдай кайталанбашы үчүн тиешелүү чараларды көрүү керек. Ушуга окшогон өкмөттүн функциясына кирген чарбалык жана башкарууга байланыштуу маселелер бар", - деди Осмонов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, юрист Канатбек Азиздин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: