super.kg logo
  Саясат  

Депутат Эмил Токтошев: "Музейдин гранит таштары уурдалып, кимдин үйүнө колдонулуп кеткенин иликтейбиз"

 

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады. Депутаттар парламентте алгачкылардан болуп көтөрчү бир топ маселелер турганы бышык. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңеш көңүл бурушу керек болгон эң орчундуу маселелер кайсылар?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жооп берди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү эң алгач өкмөттүн жасаган иштери боюнча маалымат угушу керек.

"Негизи козгой турган маселе көп. Алгач эле өкмөттөн эмне иштерди жасадыңар деп сурайбыз. Сессия ушундан башталышы керек. Айтматовдун 90 жылдыгын татыктуу белгилөө боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу маалымат алышыбыз керек. Ал эми Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети өкмөттүн 2019-жылга карата даярдаган бюджетин карайбыз. Андан сырткары чек ара маселеси, "Кумтөр" кени, Тогуз-Торо районундагы кен ызы-чуусу боюнча маалыматтарды угушубуз керек. Тарых музейи боюнча май айында тийиштүү тараптарга кат жолдогонбуз. Эми музейдин гранит таштары уурдалып, кимдин үйүнө колдонулуп кеткенин иликтейбиз. Ал эми ЖЭБ боюнча тергөөнүн жыйынтыгын күтөбүз", - деди Токтошев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев, экс-депутат Курманбек Осмонов, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана юрист Канатбек Азиздин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: