super.kg logo
  Саясат  

Юрист Канатбек Азиз: "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси менен "Белизгейт" маселеси каралышы мүмкүн"

 

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады. Депутаттар парламентте алгачкылардан болуп көтөрчү бир топ маселелер турганы бышык. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңеш көңүл бурушу керек болгон эң орчундуу маселелер кайсылар?" деген соболуна юрист Канатбек Азиз жооп берди.

Ал депутаттар биринчи кезекте карашы мүмкүн болгон бир нече мыйзам долбоорлорун атады.

"Биринчи кезекте каралчу жана президент тарабынан сунушталган мыйзамдарды Жогорку Кеңеш карап чыгат. Өздөрүнүн да бир жылдык планы болот. Менимче, сессиянын башында эле депутат Исхак Масалиев экс-президенттердин кол тийбестик статусун алуу боюнча мыйзам сунуштайт. Андан сырткары Исхак Масалиев, Кожобек Рысбаев, Талант Мамытов жана Тазабек Икрамов амнистия мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышат. Бирок депутаттар пландаштырып, өздөрү да маселелерди сунуштай алышат. Андан сырткары Тарых музейин реконструкциялоодогу шектүү жагдайлар каралышы керек. "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси менен "Белизгейт" маселеси каралышы мүмкүн. Ал эми кылмыш иши козголгон саясатчыларга карата соттун чечими чыга элек", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев, экс-депутат Курманбек Осмонов жана "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: