super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген корейлер боз талаада чолок шымчан күрөштү

 

"Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик видео" рубрикасына "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген корейлер" аталышындагы видео жүктөлгөн. Анда Түштүк Кореядан келген өкүлдөр чолок шымчан болуп алып Кырчын жайлоосунда өздөрүнүн улуттук күрөшү боюнча мастер-класс өткөрүшкөн.

Алгач корей спортчулары өз ара күрөшүп, топтолгон элди оюндун жол-жоболору менен тааныштырган. Андан кийин мастер-классты көрүүгө келген кыргыз жигиттери күрөшкө чыккан. Оюн кызып, корейлер менен күрөшүүнү каалаган кыргыз мырзалары дагы чыкты. Эң кызыгы, корейлердин улуттук күрөшү өспүрүм балдарды дагы кызыктырган өңдөнөт. Видеодон өспүрүмдөрдүн ортого чыгып күрөшүп жатканын көрүүгө болот.

Ал эми аталган оюнга катышып, өзүнүн күчүн сынаган кыргыз жигити: "Бул түштүк кореялыктардын улуттук оюну биздин күрөшкө абдан окшош экен. Болгону корейлерде буттан алып жыгуу эрежеси колдонулат экен. Мага спорттун бардык түрү жагат, эми алардын катарына корейлердин улуттук күрөшү дагы кошулду", - деп оюндан кийинки сезимдери менен бөлүшкөн.






III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген корейлер

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: