ЭЛДИК ВИДЕО: "Депутат Кыргыз мамлекеттик гимнин туура эмес аткарды"
"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Депутат Кыргыз мамлекеттик гимнин туура эмес аткарды" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеодо Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатканы көрсөтүлөт. Тулендыбаев: "Көп депутаттар гимнди билишет, ошондуктан массалык маалымат каражаттары бурмалап коюшат. Бизди, депутаттарды, башкача кылып көрсөтүп коюшат" деп, ал гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдап берет.
Депутаттын аткарганы:
"Алгалай бер, Кыргызстан,
Азаттыктын өлүндө.
Ар бир сөзүң өскөндөй,
Өз алдының жоолууундаааа..."
Гимндин кайырмасынын туура тексти:
"Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда".
Андан соң видео бала бакчада баланын ырды түшүнүксүз окуганы менен уланып аяктайт.
Депутат Кыргыз мамлекеттик гимнин туура эмес аткарды















1 |