super.kg logo

Японияны "Жеби" тайфуну каптады

 

Японияны акыркы 25 жылдан бери каттала элек эң күчтүү "Жеби" тайфуну каптады. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 6 адам каза болуп, 160ка жакын адам ар кандай жаракаттарды алышты.

Маалыматтарга ылайык, "Жеби" Япониянын батыш аймактарында болуп, катуу жааган жамгыр менен коштолгон. Шамалдын ылдамдыгы саатына 172 чакырымга жеткен. Жаралган кырдаалда Осако суусунда танкер көпүрөнү сүзүп, ал эми Киото районунда темир жол станциясынын чатыры урап түшкөн.

Өлкө бийлиги жабыр тарткан аймактарда жашаган миллиондогон адамдарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүүгө буйрук берген. Синоптиктер аталган аймактарды сел каптап, жер көчкү жүрүшү мүмкүн экендигин эскертишкен.

Он миңдеген адамдар жарыгы жок калышкан. Алгач тайфун Сикоку аралында болгон, андан соң эң ири Хонсю аралын басып өткөн. Адистердин билдиргенине ылайык, тайфундун түндүк тарапка жылышы менен ал өз күчүн жоготот.

"Жеби" - эң күчтүү деп аталган алгачкы тайфун болгондуктан, аталган өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ жаралган кырдаалда шашылыш жыйын өткөрүп, жергиликтүү тургундарды бардык нерсеге даяр болууга жана өз жаны үчүн кам көрүүгө чакырган.

Айта кетсек, Японияда катуу ысык аба ырайынын айынан 3 айдын ичинде 144 адам көз жумган.






"Жеби" тайфуну

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.09.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кудай сакта. Кыргызстанда торолуп калганыма Аллахка мин мертебе шугур келтиремда.
05.09.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудай сактасын ар педнени
05.09.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын...ар кандай тилсиз жоо,кырсык,курук дооматтан жана кезексиз олумдон.
05.09.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллага тооба келтириш керекта ошон үчүн булар Алланы тааныбайт мусулсандар аз
05.09.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Farra16gsin,жаратылыш кырсыгы динге карап келет деп ким айтты?
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-05 17:59:57
05.09.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Farra16gsin,Аравияда да дал ушундай шамал болду кыйраган)) географияны окугулачы каердин жалбырагы асманда кобуроок учса деле кафыр дей бербей. Японияда 100ж бери цунами болуп келген дагы да боло берет.Россияда суук,аяз, Кыргызстанда жер титироо кочку, Африкада кургагчылык. Жайгашкан жеринин жаратылыш шартына жараша мындай кырсыктар боло берет. Эгер ишенимге карап кырсыктасак жердин жарымы эле жок болуп кетпейби))) ну и понятия
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: