super.kg logo

"Газпромнефть" "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын II этабындагы жеңүүчүлөрүн аныктады

 

29-августта 89.00 жыштыгындагы "Рекорд" радиостанциясынын түз эфиринде Кыргызстандагы "Газпромнефть" май куюучу тармактарынын "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын 2-этабындагы утуштары ойнотулду. Анда катышуучуларга 86 байге коюлду.

Эске салсак, экинчи этап ушул жылдын 22-июнунан баштап 27-августка чейин уланган. Акциянын бул этабына 97032ден ашык катышуучу скретч-картка катталган.

"АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясына катышуу абдан жөнөкөй: "Газпромнефттин" май куюучу жайларынан каалаган күйүүчү майды унааңызга куюп, ар бир куюлган 10 литр үчүн катышуучунун купонуна мөөр бастырып туруңуз. G-Drivе күйүүчү майы менен сиз утуп алуу мүмкүнчүлүгүн 2 эсеге чоңойто аласыз. G-Drivе'дын ар бир 10 литрине сыйлык катары 2 мөөр басылат. 10 мөөрдү топтогондон кийин купонду скретч-картага алмаштырып, анын кодун акциянын www.gpn-prоmо.kg сайтына каттатуу керек. Же болбосо "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" мобилдик тиркемесине QR-кодун жазуу керек.

Иш-чаранын түз эфири www.ts.kg сайтында көрсөтүлүп турду. Ошондой эле "Газпромнефттин" май куюучу жайлары тармактарынын Инстаграмдагы баракчасынан да жарыяланды.

Жеңүүчүлөрдү Random программасынын жардамы менен көз карандысыз комиссия аныктады. Саат сайын студияга жаңы коноктор келип жатышты, алар эфирде отурганда утуштар ойнотулуп жатты. Утуштун алып баруучулугуна белгилүү шоумен Эрик Молдалиев чакырылган.

Чакырылган коноктордун арасында студияда отургандар:

- Сергей Аслаповский - Бодибилдинг боюнча Азия чемпиону;

- Любовь Билялова - "Мачо Бэнд" тобунун солисти;

- Улукбек Жоомартов - теле алып баруучу, шоумен;

- Нурсултан Курсанали уулу жана Мыктыбек Мукаев - "Жарайт Сити" долбоорунун өкүлдөрү;

- Александр Волкодав - "К-52" тобунун солисти;

- Елена Белова - Кыргыз Республикасынын Тай бокс боюнча федерациясынын президенти;

- Владимир Бобурин - шоумен;

- Виктор Юн - "Эльсинор" тобунун солисти.

Алдыда унаа ээлерин акциянын III этабы күтүп жатат, анда супербайге - 2018-жылы чыккан эксклюзивдүү Rеnаult Cаptur унаасы ойнотулат.

Автоунаадан тышкары акциянын III этабында бир катар байгелер ойнотулат:

- 5 телевизор,

- 5 ноутбук,

- 10 GergertSport спорттук велосипеддер,

- 10 Xiаоmi смартфондору,

- 10 Neoline - түнү да көрсөтө алган авторегистраторлор,

- 10 "ChаngеFitness" премиум-класстагы фитнес клубга картаралар,

- 5 Neoline автомобилдик кубаттандыргычтары,

- 30 G-Drivе күйүүчү майларын алууга сертификаттар.

Жаңы Rеnаult Cаptur унаасын утуп алуу үчүн акциянын 3 этабынын биринде катталып, скретч-карта боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмесине кирбегендер катышат.

"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын жеңүүчүлөрүн куттуктайт жана кардарларына акцияга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

10 күн ичинде акциянын уюштуруучулары бардык жеңүүчүлөр менен gpn-prоmо.kg сайтындагы скретч-карталарга катталып жатканда жазган номерлери аркылуу байланышып, Сыйлык тапшырууга расмий түрдө чакырат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.09.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишинер кут болсун!
06.09.2018. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен.Утугунар буйрусун.Биздин айылдан да бироо лексус 470 утуп алды.Аксы,Акжолдон.
06.09.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалалабатта кайсыл жерде бар газпром же жокпу билип бересиздерби ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: