super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ошто суунун таза эместиги аристонду 1 жылга жетпей жарактан чыгарды" дейт окурман

 

"Ошто суунун таза эместиги аристонду 1 жылга жетпей жарактан чыгарды" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

Окурмандын айтымында, анын 1 жыл мурун орнотулган суу жылытуучу аппараты таза эмес суунун айынан жарактан чыккан.

"Ош шаарынын Райымбеков көчөсүндө жашайм. 2-3 күндөн бери эле аристондон суу агып иштебей жаткан. Оңдоо максатында ачсам ичи ылайга толуп, ошол себептен суу жылытуучу аппарат иштебей калыптыр. 1 жыл боло элек жатып аристондун ичине ушунча ылай толуп жатса, канча жылдан бери ушул сууну ичип келген жашоочулардын организми эмне болгонун элестетүү кыйын. Негизи тургундарга берилип жаткан ичүүчү суу кандай жабдыктар, каражаттар менен тазаланат жана суунун тазалыгын ким көзөмөлгө алып, ким жооп берет?" - деп суроо салган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Суунун таза эместиги аристонду 1 жылга жетпей иштен чыгарды

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.09.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу биз маани бербейбиз бир жылда бир прафилактика учун деле ачып тазалап турганыбыз жакшы, ичине ушундай кир, накип толуп калат дагы тенди куйгузот же ток тарта турган болуп калат.
05.09.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аристонундун фильтри каякта? Жаан жааганда ылай суу келет кээде. Док кылбай суу ылайлаганда аристонунду очуруп, сууну жаап тур. Буга да окмот куноолуу дебе. Озун куноолуусун.
05.09.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bessmertiy, тууган сен билбейсинда Ошко 2 чоон резервуар курулганын. Ошко таза суу фильтирлеп беребиз деп канча акча коротуп курушканын. Ошол нерсе иштесе ылай кир чогулмак эмесда.
05.09.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eko,мен ошто жашайм. Ал жер иштегени менен жаан-чачында дайыма суу ылай болуп келет. Ошону билип туруп аристонуна фильтир койбой же ылай суу келгенде аристонду очуруп турса болот да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: