super.kg logo

"Инимдин иши жабыла турганын прокурор айтты" дейт Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулунун агасы

 

Москванын борбордук көчөлөрүндө футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен таксист Чыңгыз Анарбек уулу акталышы мүмкүн. Мындай пикирин бүгүн, 5-сентябрда анын агасы Алмаз Анарбеков SUPER.KG порталына билдирди.

"Инимдин соту августта болуп, аны дагы 2 айга камакка алуу чечими чыккан. Биз тосмо арыз жазуу боюнча прокурор менен сүйлөшүп, жыйынтыгында "иш жабылат" деген жооп укканбыз. Андыктан октябрь айында боло турган соттун чечими менен иним акталып калышы мүмкүн. Апам окуя болгондон бери Москвада болчу, кечээ эле Кыргыз өлкөсүнө келди. Эми сотко жакын кайра кетет", - дейт ал.

Эске салсак, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон. Айдоочу күнү-түнү иштеп уктабагандыктан унаа айдап баратып уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан. Учурда жол кырсыгы боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
05.09.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ух Аллахга шугур, озумчоле тааныбасам да суйунуп алдым. Жакшы кабар болду бугунку кунго.
05.09.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудай жалгасын...Жакшы жанылык кутуп калабыз.
05.09.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Козумо жаш келди,акталып калса экен, а то чондордон эч пайда жок кессе кесилип кете берет да,атып олтурду деп бир кыргызды кармап отурат эч ким жок бир куйо турган...
05.09.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
окуя болду, анча мынча адамдар жабыр тартты дегендей, Сиздер да бир аз сабыр кылып коюнуздар, мындай иште тез эле актай калбайт да, эн башкысы баланар аман эсен, окуя мындан да катуу болуп, адамдар каза болуп же озу майып болуп калышы да мумкун эле,ушуга шугур дейли. Дагы жакшы, террорист деп да чыгышпады беле, Апага да кайраттуу болушун каалайбыз, баланар чыгып келгенде аны дени сак апасы, бир туугандары тосуп алышы керек да
05.09.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аа жакшы, тезирээк башын бошотуп алсын. журогум ооруп калды эле ушул балага
06.09.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менинда ушул балага жүрөгүм ооруду эле аман эсен чыгып кетсин
06.09.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман эсен акталып чыксын... Эхх кыргыздар биригип бир бүтүн бололучу...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: