super.kg logo
  Саясат  

Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев: "Депутаттын гимнди билбегени өкүндүрө турган көрүнүш"

 

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев телеканалдардын бирине маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдаган. Мындан улам депутат коомчулуктун сынына кабылды. Эл өкүлү журналисттерге гимнди ырдап бергенине өкүнүп жатканын билдирген. SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени эмнени билдирет?" деген соболуна Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев жооп берди.

Ал депутаттын гимнди билбегени өкүндүрө турган көрүнүш экенин айтты.

"Жогорку Кеңештин депутаты эле эмес, ар бир инсан гимнди билүүгө милдеттүү. Гимн Кыргыз жарандары үчүн ыйык болушу керек. Гимнди жаттап алуунун кыйынчылыгы деле жок. Эл өкүлүнүн гимнди билбегени өкүндүрө турган көрүнүш. Депутаттын өз өлкөсүнүн мамлекеттик символдорун сыйлабаганы туура эмес", - деди Кулуев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Алтынбек Сулайманов, Тазабек Икрамов, журналист Турат Акимов, жарандык активисттер Аманбол Бабакулов, Айбек Мырза, Замирбек Көчөрбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: