super.kg logo

Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак акындарынын айтышы болуп өттү

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Айтыш-2018" төкмө акындардын сынагы башталды.

Анда Кыргыз жана Казактын алдыңкы акындары кез келип, өз өнөрлөрүн элге тартуулайт. Айтыштын биринчи айлампасында жалпы 16 акын катышып, жыйынтыгында 8 акын финалга жолдомо алган. Алардын ичинен төртөө казак акыны, төртөө кыргыз акыны. Бул жылы да адаттагыдай эле кош байге сайылган. Демек, ар бир байгелүү орунга 1 кыргыз жана 1 казак акыны илинет. Айтыштын жалпы байге фонду 2 миллион сом. Мындан сырткары "Айтыш" коомдук фондунун өзүнчө сыйлыктары тапшырылмакчы.

Айтышка калыстык кылып, акындардын дараметин баалай турган калыстар тобунун мүчөлөрү:

Акбар Рыскулов, Күмөндөр Абылов, Кыялбек Урманбетов, Кубат Болотканов, Кайрат Иманалиев, Улан Турдалиев, Жаныбек Эсеналиев.

Алгач акындар сахнага чыгып, чүчү кулак аземи орун алды. Акындар төмөндөгүдөй жуптарга бөлүндү:

1. Максат Аканов - Кубат Тукешов;

2. Биржан Байтуов - Асылбек Маратов;

3. Айбек Калиев - Баян Акматов;

4. Аспанбек Шыгатаев - Азамат Болгонбаев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
05.09.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат акын сыягы деле жок өзү деле билсе керек
05.09.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эмнегедир калыстар өзүбүздүн акындарды артка тартышат төмөн баа коюп мен Асылбек Маратов менен Баян Акматовду алдыңкы болот деп ойлоп аткам болду баш байге менен биринчиликти алышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: