super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Замирбек Көчөрбаев: "Гимнди билбеген адам мамлекеттин деле кызыкчылыгын коргой албайт"

 

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев телеканалдардын бирине маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдаган. Мындан улам депутат коомчулуктун сынына кабылды. Эл өкүлү журналисттерге гимнди ырдап бергенине өкүнүп жатканын билдирген. SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени эмнени билдирет?" деген соболуна "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин мурдагы лидери Замир Көчөрбаев жооп берди.

Ал өз пикиринде, депутаттын гимнди билбегени кайдыгерлик, көкүрөгүндө улуттук, патриоттук сезимдин жок экенин билдирет.

"Кыргыздын ыйык нерселерине көңүл бурулбаган көйгөйлөргө азыркы системди күнөөлөчүмүн. Бүгүнкү күнү бизнесмендердин, колунда барлардын учуру келип, акчанын күчү менен бийликтин жогорку бутактарына барып алып өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын, бизнестерин коргоп жатышат. Ошолордун айынан бүгүн ушундай нерсе пайда болуп жатат. Гимнди билбеген адам мамлекеттин деле кызыкчылыгын коргой албайт. Өзүнүн жеке кызыкчылыгын коргойт. Бир гана ал депутат эмес, Жогорку Кеңештин жарымынан көбү билбейт болуш керек. Бирок арасында билгендер деле бар", - дейт Көчөрбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Алтынбек Сулайманов, Тазабек Икрамов, Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев, журналист Турат Акимов, жарандык активисттер Айбек Мырза, Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: