super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Айрым ата-энелер мектептерде ар бир китептин ижара баасы 25 сомдон болуп жатканына нааразы

 

Бүгүн, 5-сентябрда "Элдик кабар" рубрикасына бир катар окурмандардан мектептерде окуучуларга бир жылга берилип жаткан китептердин ижара акысы боюнча билдирүү келди. Алардын билдирүүсүнө караганда, бул жылы окуучулар китепти бир жылга пайдаланууга алуу үчүн 25 сом төлөйт. Бир балага орто эсепте он китеп алынат. Көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн бул баа кымбат.

"Балам келип ар бир китепти алганыбыз үчүн 25 сомдон төлөйт экенбиз деди. 10 китеп алса 250 сом кетет экен, төрт баласын окуткандар китептин ижарасы үчүн эле 1000 сом төлөшөт", - экен деди окурман.

Дагы бир тургун: "Ак-Ордо жаңы конушундагы №96-мектепке 2 баламды киргизген элем. Буга чейин мектептин жамааты мектепте китеп жетиштүү деп айтышкан.

4-класстагы балама мугалими "англис тилинен башка китеп жок, сатып алып бергиле" деди. Дагы бир балам 7-класста окуйт, анда да ушул көйгөй. 3-4 баласы окуган ата-эне эмне кылат? Жылда 4-5тен китеп сатып берчүбүз. Өткөн жылы №77-мектепте окуп жатканда 3-класстар окуган 10 китепти сатып алганбыз. Быйыл ошол китептерди башка 3-класстарга берели десек, көп китептери өзгөрүп кеткен", - дейт.

Мындан тышкары Шамалды-Сай шаарындагы №8-мектепте билим алган окуучуга таптакыр тытылган китептер берилгенин жергиликтүү тургун кабарлап, мындай китепти окуучу кантип пайдалана алат деген суроосун салган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Окуучуга оку деп берилген тытылган китеп

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
05.09.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7

эх
Акаевдин заманы келдиби бизда кичинекейибизде китеп сатып алат элек акчасы аздар эски китеп алышат эле.
05.09.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бардык жерде ушул койгой болуп жатат.Чон кызым окуган китепти 2 жылдан кийин,кийинки кызым мектепке алып барса жарабай деп коюшту мугалимдер,башка китеп алныла деп.Илим,билим беруу министирлиги каякты карап отурат.Ошто да ушул койгой,бирден экиден китеп берип коеткалганын сатып алгыла деп,бир класста 50 дон окуучу.Акча бергенин эле директору ала берет,айрыкча Кирова мектеби,текшерген адам жок.
05.09.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Китепти сатып алганы деле, мектептин ижарага берип жатканы деле туура эле. Бирок, эмнеге каражат кетирип эле китепти жыл сайын эле өзгөртүп жатышат. Китепти эч болбосо 4-5 жыл өзгөртпөсө сатып алгандар кийинки класстарга арзаныраак сатып акчасынын жарымын болсо да кайтарып алмак да.
05.09.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tynara81,ошол билим беруу министрлигине жакшыраак,Оз ишин билген министр келбейтда,андан ушундай баш аламандык жаралып ортодо эле карапайым мугалимдер жаман корунушот,алар отуруп алып ар кайсы законду киргизе беришет,китептерди озгорто беришет
05.09.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто китепти базардан сатып алдык дешти го.Арендага бергенин айтпады.
Медиа-портал
05.09.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакпаса сатып берип кой
05.09.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин убакта бекер эле берчуу. Если жылдын аягында китепти жаман кылса анан акча алыш керек
05.09.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
5-6-класстардын китеби гана ижарага берилди . Калган класстардыкы бекер .
05.09.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жетишпеген китепти базардан сатып бердик. Эми миң эки миң сомду аябай эле интернетке чыгарып ызы чуу кылбай сатып берип койгулачы. Кафеге барсаңар же досторунар менен жолугуп калсаңар эки уч миң сом бир олтурганда эле жок болот го ия. Бир жылда бир китеп сатып берип койсоңор балаңар үчүн эч нерсе болбойт айланайын туугандар. Китеп көйгөйдү толук чече албаган өкүмөттүн бирден бир шалаакы шермендечилиги, азыр сонун эле заман келди, жалпы республика боюнча китеп менен жөн эле камсыздап койсо болот.
05.09.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Zanzibara,мумкун сенде телегейин тегиздир,менин уч балам окуйт,озум кичинекей кызым менен уйдомун.Айттым го сатып берип атабыз,эки жылдан кийин,жараксыз башка алгыла деп эки жыл мурунку китепти жаратпай коюп атышат.Кээ бироондо бар,кээ бироондо жок заман.Балдарыбыздан аябайбыз алып берип атабыз,борго,тряпкага,охрана,майрамга деп окуу жылы аяктагыча салык салат.Мектептен башталат балдардын келечеги,айлык алып жеп отургандан кийин билим беруу министирлиги ушуга окшогон нерселерди чечип берсин да!
05.09.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин чондорго тан калам просто соз жок акмактар булар Кыргызстанды кууратып жок кылат
06.09.2018. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фондко 3600 сом дегени туурабы
06.09.2018. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде да ошентип атышат айына 25сомдон толойт экенбиз Москва районунда Петровка айылындагы гимназияда
06.09.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Деги бул Кыргызыстандан пайда болобу же жокбу?Менин 4 балам окуйт бир мектепке баарына китеп сатып бергени акчам жок уй кожойкесимин жада калса кв да жашайбыз кантип жедкиребиз же нормальный балдарымдын пособиесин беришпейт!Элди ойлошпойт чондор!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: