Эркекти эркек зордуктады делген окуя. Мас абалында "таанышын зордуктаган" деп шектелген жарандын иши сотко өтө элек

Талас облусунда мас абалында "тааныш досун зордуктаган" деген шек менен камакка алынган жарандын иши сотко өтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан кабарлашты.
"Кылмышка шектүү катары кармалган 37 жаштагы Кызыл-Туу айылынын тургунуна кылмыш иши козголгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. Тергөө аяктаган соң, иш сотко өткөрүлөт", - деп билдиришти облустук милициядан.
Эске салсак, окуя 7-август күнү кечки саат 23:30 чамасында орун алган. Анда 38 жаштагы жабырлануучу менен кылмышка шектүү спирт ичимдигин ичип, порнографиялык мүнөздөгү фильм көрүшкөн. Кийин кылмышка шектүү таанышынын мас абалынан пайдаланып аны зордуктап койгон. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү камакка алынган.
кошулду





1 |