Кыргыз жеринен 38 тонна күйүүчү майды Тажикстанга өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды
Кыргыз жеринен 38 тонна күйүүчү майды Тажикстанга өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан Ленин аймагындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунан сырткары жерден 38 тонна күйүүчү майды Тажикстанга өткөрүүгө аракеттенген Кыргыз жараны кармалган.
"Рено" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу бензовоздун 1960-жылы туулган Р.С. аттуу айдоочусу териштирүү жүргүзүү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-12-20
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео
















Саламатсызбы? Маалымат такталып анан жазылган.