super.kg logo

Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапарында "ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар" делген 130 кишинин тизмесин өткөрүп берген

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапарында "ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар" делген 130 кишинин тизмесин өткөрүп берген. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тизмеге "ФЕТӨ уюмунун активдүү мүчөлөрү" делген 130 кишинин ысымы кирген. Алардын ичинен 13ү "биринчи кезекте" деп белгиленген.

Түрк журналисти Ханде Фырат бул маалымат боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

"Мен көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө ФЕТӨ уюмунун чыныгы жүзүн билишет дегенге ишенбейм. Айрыкча, ачыкка чыкпаган имамдар тууралуу маалыматтары бар экендигине ишенбейм. Биз бул тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз жана айтып түшүндүрө беребиз. Түркияда Кыргыз жериндеги "гүленчилер" уюму менен байланышы болгон 130 адамдын тизмеси бар. Ал тизме Кыргыз бийлигине өткөрүлүп берилди. Биз биринчи кезекте эң активдүү болгон 13 адамды өткөрүп алууну каалайбыз. Алардын ичинде уюмдун жетекчилери, Орто Азиядагы имамдар бар. Тизмеден "гүленчилердин" аттарын, жашаган жерин, жумуш ордун жана башка бардык маалыматтарды тапса болот", - дейт журналист.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 1-сентябрда Кыргыз өлкөсүнө келип, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан. Анда Эрдоган Кыргыз мамлекетинде иштеп жаткан диний аалым Фетхуллах Гүленге тиешелүү болгон "ФЕТӨ" уюмунан баш тартууга чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
06.09.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошол тизмени элге да корсотсун, кимдер екен тизмеде эл билсин, 130 мучосу кимдер экен.
artur999 түзөттү 2018-09-06 10:31:37
06.09.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда "ФЕТӨ" уюму менен кызматташкан жарандар болсо кылдат текшерилип мыйзам чегинде тиешелүү жазасын алат.
bekmirzach түзөттү 2018-09-06 10:40:17
06.09.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай болгон кундо да Кыргыз мамлекети озу жакшы билет эмне кылышты, ал жагын озубузго коюуп берсин демекчимин.
06.09.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Түркия Кыргызстандын ишине кийлигише албайт. Президент эмне кылышты жакшы билет.
06.09.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туркия Кыргызстанга эсиң барда этегиңди жыйна, биз булардан кан ыйладык.
Боордош бир тууган кыргызым, булар кооптуу кеч боло электе булардын ишмердүүлүгүн токтотсонор жакшы болот деп күйүп жатышат...
06.09.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен деле Бир убакта хизметте журдум,эээч жаман нерсе айтканын укпадым.
Дин Дин и все
06.09.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Фетосу эмне кокуй?
06.09.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясый куугунтук,баягы эле бири бирин каралоо,короалбастык. Бийлигин тартып алат деп коркот. Озуно атаандаш ким болсо ошонун козун тазалап озуно тоскоолдук кыла тургандардан арылуунун бирден бир жолу ушул. Оздорунун ички саясатына,тирешине кыргызстанды аралаштыруу туура эмес,келсе жон келип кетсин,жаман уйду коногу бийлейт кылбай.
06.09.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тезинен фетонун окууларын уюмдарын жабыш керек бизден башка олколор бекеринен жапкан жок да хизметти жоюш керек. Балдарды квартирага киргизип анан камап окутат фетонун китептерин.
06.09.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
I.ali,Узун юбка кийип,топ топ кыздар квартира жащэшайт.
Чайга деп печенье,салат жасап чакырып.кино корсотот.
Тамакт ан кыйналбац студенттер илинип калышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: