super.kg logo

Кырчын жайлоосунда Каба уулу Кожомкул атындагы музейге таандык илбирстин териси боюнча музейдин кызматкерлери түшүндүрмө берди

 

Мамлекеттик экотехинспекциянын инспекторлору Кырчын жайлоосундагы Каба уулу Кожомкул балбандын боз үй музейинде илинип турган илбирстин териси боюнча териштирүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Териштирүү иштеринин алкагында илбирстин териси Суусамыр өрөөнүндөгү Каба уулу Кожомкул балбандын музейине таандык экени белгилүү болду. Музейдин кызматкеринин берген маалыматы боюнча, илбирстин териси музейдеги экспонат катары саналып, тизмеге киргизилген. Себеби Каба уулу Кожомкул атындагы музей түзүлгөндө балбандын колдонуп жүргөн буюмдары жана кийим-кечелери менен биргеликте аталган илбирстин териси дагы өткөрүп берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан тийиштүү кагаздар толтурулуп, музей кызматкеринен түшүнүк кат алынды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.09.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Музейдеги буюмга тийбегиле биз буларды күчтүү дарылар менен сактап турабыз ууланып каласыңар деди эле. Булар беймаралле көтөрүп жүрөткоо бизди жаш балача алдап салган окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: