Кырчында бельгиялык турист сумкасын унутуп кетип, милиция таап берди
Милиция кызматкерлери бельгиялык туристтин жоголгон буюмдарын кайтарып беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көргөнү келген турист Кырчын жайлоосунда маданий иш-чараларды көрүп жүрүп сумкасын боз үйлөрдүн бирине унутуп кеткен.
"Вильгельм Шуберт аттуу турист сумкасын Дархан айылынан келген тургундардын боз үйүнө унутуп кетиптир. Үй ээси дароо бул тууралуу милиция кызматкерлерине кабар берген. Сумканын ичинде кымбат баалуу фотоаппарат, документтер бар экен, анын баары ээсине кайтарылып берилди", - деп билдирди маалымат кызматы.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл жергесинде 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-1

Мезгилден арта калбаныз деген ураан бекер айтылбайт