super.kg logo
  Саясат  

Түркияда кыргызстандыктардын II Эл аралык Иш форуму болот

 

29-30-август күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында чет жерде иштеген, бизнес чөйрөсүндө өз ордун тапкан кыргыз атуулдарынын жеке ишкерлер дүйнөсүндө болуп өтүүчү II Эл аралык Иш форуму болот. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. Форумдун негизги максаты - дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенген кыргызстандык ишкерлер менен жакындан таанышууга, бир бүтүнгө келүүсүнө, алардын кызматташуусуна өбөлгө болуу. Форумдун жүрүшүндө келген коноктор өздөрүнүн жасап жаткан жеке иштери тууралуу кеңири маалымат берип, ишкерликтен алган тажрыйбалары менен ой бөлүшүшөт. Иш-чара жеке ишкерлер, диаспоралар, мамлекеттик кызматкерлер, юристтер, экономисттер, эксперттер жана башка илимдин адистери арасында өтөт. Бул иш-чарага катышууга катталуу 30-июлга чейин улантылат.  Белгилей кетсек, I Эл аралык Иш форуму өткөн жылдын 24-26-август күндөрү Стамбул шаарында өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Украина, АКШ жана Түркия мамлекеттеринде эмгектенген 100дөн ашуун кыргыз жарандары катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: