super.kg logo

Өмүрбек Текебаев өзүнө операция жасатууга макулдугун бере элек

 

Өмүрбек Текебаев өзүнө операция жасатуу боюнча бир чечимге келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG'ге анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"Өмүрбек Текебаев неврология бөлүмүндө дарылануусун улантууда. Анын калкан сымал безинде табылган шишик канчалык зыяндуу же зыянсыз экени аныктала элек. Бирок дарыгерлер аны операция жолу менен алып салууну сунуштап жатышат. Буга өзү макулдугун бере элек, 1 жарым жылдан бери дарыланган жок, операция жасатуу үчүн адамдын организми аны көтөрүш керек", - деди Токтакунова.

25-августта дарыгерлердин консилиуму Текебаев дарылануусун неврология бөлүмүндө улантсын деген чечим чыгарган, 28-августтан бери неврология бөлүмүндө дарыланууда.

Экс-депутат дарыгерлердин көрсөтмөсү менен 1-августта №47-түзөтүү абагынын Улуттук кардиология борборуна которулган. Учурда ошол эле оорукананын неврология бөлүмүндө дарыланууда.

Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ар бири 8 жылга эркинен ажыратылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.09.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чиркешович, держитесь жакында чыгып туруп ошолорду ХХХХХХХХ жасап саласыз!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-06 11:58:12
06.09.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mars575, этика нормаларын сактаңыз!
06.09.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми Текебаевге кандай болгон күндө дагы мыйзам алдында жооп бериши керек.
06.09.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турмого кирбоонун амалыда.
Макулдугун бербей созуктуруп журот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: