super.kg logo

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жарыялады

 

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу SUPER.KGʹге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады.

Маалым болгондой, Жунусовго "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

"Ал 2013-жылдан 2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткарып турганда бир катар мыйзамдарды бузуп, өлкөгө товар ташып келген "А." ишканасына мыйзамсыз уруксат кагаз берип, аталган ишканага бажы төлөмдөрүн төлөөдө жеңилдиктерди түзүп берген.

Азыркы убакта ал тергөө органдарынан жашынып, тергөө ишин объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылып жатат. Ошондой эле ал кылган иш өзгөчө оор кылмыштын түрүнө кирет", - деди Пискур.

Каржы полициясынын билдиришинче, ушул жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Адамкул Жунусовду камакка алуу чарасы тандалып, ага издөө жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.09.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
АША чекеден эле пайдаланган да озунун тушунда жанагы Ата-Журт партиясын ушул пайдаланганда ошентип ыдырап кетпедиби...
06.09.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жунусов Атамбаевдин дагы бир капчыгы. Ал мамлекетке 166 миллион сомдон ашуун өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталып жатат. Бул чыгым ал келтирген зыяндын чети гана болсо керек. жакшылап текшерсе мындан он эсе көп коорупциялык иштер чыгышы мүмкүн.
06.09.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Качырып жиберип анан издөө жарыялай бергиле, акылдуулар
06.09.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kairhai Өзү качып кетти да. Ал дагы кусат кайда качмак эле. УКМК бат эле кайда экенин таап коет.
06.09.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Издесе жарым сааттык иш озу,
06.09.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевдин кошелогу бажыны башкарып турганда казынага беш эмес, он колун тен салган турбайбы. Устатттан шакирт өтүп кетиптир го
06.09.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйундо байпагынды жоготуп алсан да жаарым саатта таппайсын анан кантип жарым саатта таап аласын? ойноп суйлосон да ойлонуп суйло деген соз бар Кыргызда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: