Маърифат Давлатованын сүрөт көргөзмөсү Дүйшөмбү шаарындагы "Серена" мейманканасында 11-сентябрга чейин уланат.
Тажикстанда жарым жылаңач аялдардын сүрөттөрү коюлган көргөзмө өтүүдө





Тажикстандык сүрөтчү Маърифат Давлатова жарым жылаңач аялдардын сүрөттөрү тартылган эмгектерин көргөзмөгө койду. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сүрөтчүнүн эмгектерин сындагандардын саны арбын.
"Бул сүрөттөрдүн айрымдары Венада өткөн көргөзмөгө коюлган. Ошол мезгилде эмгектерим интернет тармактарына жарыяланып кетип, көп адамдардан жаман сөздөрдү уккам. Жарым жылаңач аялдардын элестери - коомдогу теңсиздикке, аялдарды басмырлоого каршылык көрсөтүү болуп эсептелет. Мен стереотиптерди бузганды жакшы көрөм. Биз коркууларды жеңишибиз керек, себеби эркин жана светтик коомдо жашап жатабыз", - деп билдирген Давлатова.
Сүрөтчүнүн чыгармаларына ар ким ар кандай баа берүүдө - кимдир-бирөө анын эр жүрөктүүлүгүнө суктанса, айрымдар анын сүрөттөрү тажик маданиятына жат көрүнүш деп эсептешет.



Вай вай штаны,топулар менен )))
Тарам-там-там го...
Только европаларча жыланач Коро берип.Разнообразия.лайк.